Биз социалдык тармакта

Кыргызкөмүр ишканасы: "Айдоочулар көмүр бербей жатат, 15 күндө келем деп жакындарына калп айтышууда"

"Кыргызкөмүр" ишканасы Жумгалдагы "Кара-Кече" көмүр кенине көмүргө барган айдоочулар 1-2 күндө эле көмүр жүктөп чыгып кетсе болорун белгиледи.
"Айрым айдоочулар жалган сүйлөп, "Кыргызкөмүрдүн" атына доо келтирип жатышат. Көмүр бербей жатат, 15 күн күтөм, үйгө келе албайм деген маалыматтарды беришет. Ал эми изилдей келгенде 1-2 күндө эле көмүрдү жүктөп чыгып кетсе болот. Жалган маалымат берүү менен жакын адамын гана алдабай, ишкананын да атына доо келтирүүдө", - деп билдирди ишкананын маалымат катчысы Жийде Зоотпекова.
Жийде Зоотпекова учурда мындай маалыматтар байма-бай түшүп турарын билдирди. Ошондой эле "Кыргызкөмүр" ишканасы күнү-түнү иштеп жаткандыгы белгиленди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sakubek
2021-11-05 12:43:34
Ойношторуна кетсе керек да
+1
ayzhan12
2021-11-05 14:00:09
Адилетсиздик эки жол менен ишке ашат: же зомбулук менен, же алдамчылык менен.
+1
Bishkek11
2021-11-05 22:32:41
Актанбайле койгула базаларды коруп атабызго комур жок пустой турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан