Биз социалдык тармакта

"Кыргыз элине салам!". Мындан 158 күн мурун Бишкекте жоголуп, Түркияда экени белгилүү болгон Орхан Инандынын учурдагы сүрөтү жарыяланды

Жактоочу Таалайкүл Токтакунова социалдык тармактагы баракчасына "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын колу сынган абалдагы учурдагы сүрөтүн жарыялады.

"Ал бардык окуучуларына, алардын ата-энелерине, кесиптештерине, досторуна жана жалпы Кыргыз элине салам жолдойт. Ал жакында кайтып келет", - деп жазды сүрөттүн алдына Токтакунова.

Маалымат үчүн:
Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aza2100
2021-11-05 13:53:12
Таалайгүл Токтакунова кыйын айымдардын бири экен
0
nurbek11
2021-11-05 14:56:28
Террорист ит келбей эле койсун. Таалайгүл сен дагы башка өлкөнүн ички ишине аралашпай кысып эле жүрчү сураныч.
-4
Eduard71
2021-11-08 18:33:03
nurbek11,Террористик кылганын кордун беле. же билип билбей эле дабдырагандардансынбы.накта террорист бул эродоган. ошол террористер менен алака кылып. аларга курал берип алардан нефти алып жургонун дуйно жузу билет. Орхандын мектептеринен канча кыргыз жаштары билим алып чыкты. канчасы дуйнолук денгээлде иштеп журушот
+1
Sajakat14
2021-11-12 03:27:47
nurbek11,өзүң террористсиң! Эрдогандын политикасы бул!
0
Sajakat14
2021-11-12 03:28:47
Эрдоган террорист деп койсо эле тотукуштай кайталай бересиңерби? Маалыматты кагыла. Изилдегиле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан