Биз социалдык тармакта

"Арыз 2 жыл мурда жазылган". Дайынсыз жоголгон кыздын жакындары Ленин РИИБинин тергөөчүлөрүнө карата даттанышты

Бишкектин Ленин РИИБинин тергөөчүлөрү дайынсыз болгон кызды издөөгө алган эмес деп айыпталууда. Бул туурасында Акыйкатчы институту кабарлап, 2000-жылы туулган кыздын жакындары 2 жыл мурда милиция бөлүмүнө кайрылганын белгилейт.
"Бул кайрылууга көңүл бурулбай, бүгүнкү күнгө чейин жазылган арыздан жыйынтык жок экенин айтып, кыздын жакындары акыйкатчыга кайрылышты. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ленин райондук прокуратурасына билдирме жиберип, жооп алды. Ага ылайык, 2019-жылы жазылган арыз 2020-жылы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө жарыяланган.
Ал эми Ленин РИИБинин тергөөчүсү 16-октябрда издөө ишин токтотуп койгон. 11-декабрда райондук прокуратура тергөөчүнүн чечимин жокко чыгарып, ишти тергөөгө кайра жөнөткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык жок.
Акыйкатчы институту Бишкек ШИИББине иштин чоо-жайын иликтеп, Ленин райондук милициясынын тергөөчүсүнө жана эки ыкчам кызматкерге карата чара көрүү сунушун келтирди", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abusait
2021-11-06 11:39:13
Акча бермейинче эч нерсе кылышпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан