
Бишкектин Октябрь РИИБинин жетекчилиги балдар үйүнө барып, жардам көрсөтүштү. Райондук ички иштер бөлүмүнүн тараткан маалыматына ылайык, аталган реабилитациялык борбордо 45 бала бар.
"Октябрь РИИБинин жетекчилик милдетин убактылуу аткаруучу Азизбек Бекназаров кызматкерлер менен биргеликте балдар үйүндө болушуп, зарыл болгон каражаттарды тапшырышты. Андан тышкары дезинфекциялоочу каражаттарды беришти. Азизбек Бекназаров алдыда мүмкүн болушунча жардам көрсөтүп турууга даяр экенин белгиледи.
Балдар үйүнүн директору Чолпон Арыкпаева көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди", - дешет маалымат кызматынан.