SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну кайрылып, аталган аймакка кар калың жаап, электр жарыгы жок экенин айткан.
Бул боюнча Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Нурлан Умаров төмөнкүлөрдү билдирди.
"4-ноябрь күнү кечинде Чоң-Алай районунда суу кар жаап, Жекенди айыл аймагында 10 кВ жогорку чыңалууда электр жарыгын авариялык өчүрүү болгон. Ыкчам топ электр энергиясын берүүнү кайра калыбына келтирген.
Ал эми Чоң-Алай району боюнча электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган жок", - деп билдирди ал.