Биз социалдык тармакта

Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуу өтөт

Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

11-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамынын долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт.

Парламенттик угууларга катышуу үчүн мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү чакырылат.

Алдын ала каттоо жана кошумча маалымат алуу телефондору: 0312 63 8817, 0777 83 97 97.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан