Садыр Жапаров: "Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар"

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш сатып алгандар дагы, добуш саткан жарандар дагы жоопко тартылат. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу жарандар, шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары өлкөдө таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин", - деп жазды Садыр Жапаров.

Мындан тышкары өлкө башчы кармалгандар Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча жоопко тартыларын белгиледи.

Өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан