"Жаштарды жана активдүүлөрдү тандаңыздар!" Жаныбек Абиров Ак-Өргө конушунда үгүттөө иштерин жүргүздү

Бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров Ак-Өргө жаңы конушунун тургундары менен жолукту.

Конуштун тургундары аларды көбүрөөк ойлонткон маселелер жөнүндө айтып жатышты: түзүгүрөөк жолдордун, тротуарлардын, мектеп жана бала бакчалардын, канализациянын жоктугун. “Көчөлөр таштанды, кир, ыш жана бак-дарактар аз. Эл жумуш таба албай кыйналууда. Ал эми баалар күн сайын өсүүдө”, - деди шайлоочулардын бири.

“Эгерде парламентке барып калсак, Ленин районуна дароо эле коомдук кабылдама түзүп алабыз. Тургундардын кайрылууларына жооп берүүгө даяр болобуз. Жогорку Кеңеште чындап ишке ашыра ала турган иштерди кошуу менен 5 жылдык планды чогуу-чаран түзүп алабыз. Муниципалитет, Бишкек шаардык кеңеши жана Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы менен биргелешип иш алып барууга басым жасайбыз. Негизги иштерибиздин бири – бюджетке түшө турган салыктарды республикалык жана жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу бөлүштүрүү болот”, - деди өз сөзүндө Жаныбек Абиров.

Ал бул сыяктуу жолугушууларды үгүттөө иштери башталгандан тарта күнүгө өткөрүп жаткандыгын, ошондой эле ар бир үйдүн эшигин кагууга аракет жасап жаткандыгын билдирди. “Элдин чордонуна баруу, калк менен тил табышуу жана парламенттеги ишмердүүлүк үчүн платформа түзүп алуу маанилүү кадамдардын бири. Үгүттөө учурунда мен жүздөгөн чакырым жерлерди жөө басып кыдырып келатам. Анткени бул кыдыруулар ошого татыктуу! Көптөгөн шайлоочулар шайлоого ишенишпейт экенин билем. Алар алдыдагы шайлоо эч нерсени өзгөртпөйт деп эсептеп, ага катышууну да каалашпайт. Же болбосо акча үчүн добуш беришет. Биздин максат – алардын мындай оюн өзгөртүү. Биздин колубуздан келет жана биз депутаттар айткандарын аткарат экендигин далилдешибиз керек”, - деди Жаныбек Абиров.

“Урматтуу шайлоочулар, шайлоого сөзсүз катышыңыздар! Балдардын келечегин ойлоп, убактылуу керектөөлөр үчүн добушуңуздарды сатпаңыздар. Жаш, активдүү жана перспективдүүлөрдү, эл менен иштешүүдөн качпагандарды шайлаңыздар” – деген чакырыгын таштады ал.

Бардык жолугушуулар санитардык нормаларды сактоо менен өтүүдө.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Шайлоо бюллетенинде Жаныбек Абиров №9 менен катталган.

Аткаруучу: “Супер.кж” ЖЧКсы. Дареги: Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбекович. Нускасы: 1даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 15-ноябрь. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбековичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ахметбекова Асел Аширалыевна тарабынан төлөндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан