"Альянс" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Чыңгыз Айдарбеков Нарын облусунун эли менен жолугушуп, жаңы кадамдарга даяр экенин билдирди.
Ал элеттиктер менен жакындан баарлашып, партиянын жана өзүнүн жеке программасын тааныштырды.
"Программамды комплекстүү кадамдарды жасоо аркылуу этабы менен ишке ашырам. Жаңы кадамдарга командабыз даяр. Милдетибиз – заманбап, адилеттүү жана ийгиликтүү коомду түзүү. Акыркы жылдары креативдүү экономика дүйнөлүк экономиканын тез өнүгүп келе жаткан тармактарынын бири болуп калды. Кыргызстанда креативдүү экономиканы билимге негизделген, узак мөөнөттүү капиталдык салымдарды талап кылбаган, калктын жумуш менен камсыз болушуна, экспорттун көбөйүшүнө жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн экономиканын келечектүү тармагы катары кароого болот", – деди Айдарбеков.
АЛЬЯНС - №3 - БИР КҮЧ! Чыңгыз Айдарбеков – №3