Садыр Жапаров: "Башкы прокуратурада түзүлгөн жаңы башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык иштерге аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл"

Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтүүдө. Садыр Жапаров Башкы прокуратурада жаңы башкармалык түзүлгөнүн айтты.

"Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү. Мындан ары коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ушул башкармалыкта каралат. Бул башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык иштерге аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл. Тергөө башкармалыгына тергөөчүлөрдү тандоо ачык жүргүзүлүп тесттен өтүшү зарыл. Кызматкерлерди тандоо учурунда анын туруктуулугун аныктоо үчүн психологиялык диагностика жүргүзүүгө тийиш", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан