Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин биринчи отуруму өттү. Анда президент отурумдун аягында сөз сүйлөп көмүр маселесин айтты.
"Карапайым калктын арасында дагы коррупцияга аралашып кеткендер бар. Көмүр жөнөкөй калкка кымбат болуп жатат. Бир айдан бери көмүр ташыган фирмалар айдоочуларга 1 миң 300 сомдон көмүр жүктөп берип, алар Бишкекке 6 миң сомдон алып келип жатат. Муну көзөмөлгө алдык. Өзүбүз колго алып өз баасы менен берип жатабыз", - дейт ал.