Айбек Маткеримов. Идиректүү, билимдүү жаштардын өкүлү. Көп жыл медицина тармагында дарыгер болуп иштеп, бул жааттын көйгөйүн терең билет. Ар бир катардагы дарыгер, медицина кызматкери туш болчу кыйынчылык анын да башынан өткөн. Так ошол кыйынчылыктар, өлкөнүн медицина тармагынын кароосуз калганы, калктын медициналык тейлөөгө болгон мүмкүнчүлүгүнүн азайышы аны саясатка баштап келди. Анын көздөгөн максаты – кыргыз медицинасын жогорку деңгээлге көтөрүү, эл саламаттыгын чыңдоо. Кооомдун башка маселелери да жат эмес, карапайым үй-бүлөдөн чыгып, өз күчү, ынтаасы менен татыктуу билим алган. Парламентке депутат болуп шайланып калса, сабаттуу, эл кызыкчылыгына иштеген мыйзамдарды жаза алат.
Бакыт Төрөбаев. ЖКнын депутаты. Бир канча жылдан бери депутат болуп шайланып келе жатат. Айыл чарбасын өнүктүрүү, айыл чарбасын техникалар менен камсыз кылуу демилгесин көтөрүп, айрым аймактарда аны ийгиликтүү ишке ашырууга жетишкен. ЖКнын депутаты катары омоктуу ойлорду айтып, конструктивдүү сунуштарды берип келет. Популист эмес, кандай маселе көтөрбөсүн жети өлчөп, бир кесип анан гана сөз алат. 2007-жылдан бери ЖКнын депутаты, кесипкөй мыйзам жазуучу катары кыйла такшалды. Өзү партия түптөп, лидерлик сапаттарга ээ болуп, чоң саясатчы катары калыптанды.
Равшан Сабиров. Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экс-вице-премьер-министр, президенттин мурдагы кеңешчиси. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмесинде 3-сапта бара жаткан Равшан Азатовичти кыргыз эли тайманбас, адилеттүлүк үчүн жанын аябай күрөшүп келген мекенчил инсан катары билет. Карапайым элге жакын адам. Көпчүлүк Р.Сабировдун жөнөкөйлүгүн, жардам сурап келген адамга эч качан “жок” дебеген сапатын баса белгилешет. Буга чейин чыныгы атаандаштыктын негизинде Кара-Суу районунда бир нече ирет парламенттик шайлоодо женишке жетишкен. Анын курч, айтканынан кайтпаган, калпты жаман көргөн сапаты өз башына таш болуп тийген учурлар болгон. Жалган жалаа жаап, кылмыш ишин козгоп, саясий аренадан түртүп чыгаруу аракети болгон. Бирок, Равшан Сабиров сынган жок, Өзүнүн таза экендигин акыры коомчулукка далилдей алды, демек, эл алдында жүзү жарык. Р.Сабиров депутат болуп шайланса – парламенттин көркү болорунан шек жок.
Таалайбек Сарыбашов. Оштун экс-мэринин кандай уюштуруучу, чарбачыл адам экенин башкалар билбесе да Оштун жашоочулары жакшы билишет. Ачыгын айталы, өлкөнүн экинчи борборун жашылдандырып, тазалыгын камсыз кылып, инфраструктурасын жакшыртып, өнүктүрүүдө Таалайбек мырза натыйжалуу иштеди. Анын тушунда Ош шаары кадимкидей көрккө келип, көптөгөн социалдык курулуштардын ишке ашырылганы менен эсте калды. ЖКга шайланып калса, депутат катары да мыкты, үзүрлүү, натыйжалуу иштей турганында шек жок.
Кубанычбек Кадыров. Милициянын полковниги. Чындыкты айтам, бийликтин кемчилик, мыйзамсыз иштерин сынга алам деп көрбөгөндү көрдү. Абакка да отуруп чыкты. Анын иш-аракеттеринен коррупциялык, мыйзамсыз жагдайларды табууга аракет кылышып, бирок эч нерсе таба алышкан жок. Бирок сынган жок. «Чындык» партиясын түптөп, саясатка баш оту менен аралашты. Чындыкты айтуудан тайманбас, майтарылбас мүнөзү бар. Жогорку Кеңеш бүгүн дал ушундай жүрөктүү, духу, эрки күчтүү, чындыкты айтуудан коркпогон, жалтанбаган адамдарга муктаж болуп турат.
Бакир уулу Турсунбай. Ары саясатчы, ары дипломат, ары мамлекеттик ишмер. Айтор Турсунбай мырзага кандай баа берсе да жарашат. Саясатты, мамлекетти башкаруу иштерин тереңден түшүнгөн инсан. Билимдүү, илимдүү, эки тилде сүйлөсө кимдин болбосун шайын кетирет. Буга чейин ЖК депутаты катары иштеп, элге, өлкөгө керектүү мыйзам долбоорлорун даярдап, омоктуу сунуштарын берип, бийликтин, өкмөттүн кемчилик, туура эмес иштерин айтып тургандыгы менен белгилүү. Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңешке шайланып барса, жалпы парламенттин салмагын арттырып, аброюн көтөрүүгө сезилерлик салым кошорун бөркүбүздөй көрөлү.
Берадор Борбиев. Жалпы журтка аттын кашкасындай таанымал, ырчы, обончу, сахна адамын кимдер билбейт. Миңдегендер анын ырларын бүгүн да сүйүп угуп келишет. Бек мырза маданияттын адамы болгону менен саясий, коомдук маселелерге, өлкөнүн, элдин турмушуна кайдыгер карабайт. Дайыма тигил же бул маселеде пикирин билдирип, оюн айтып, кемчиликтер, мыйзамсыз көрүнүштөр болсо сынга алып, жакшысын жакшы, жаманын жаман деп айтмайы бар. Анысы кээ бирлерге жакса, айрымдарына жакпайт. Бирок чындык, акыйкаттык үчүн Бек мырза эч качан артка кайтпай турганына күбө болуп келатабыз. Жогорку Кеңешке ишкерлер, юристтер, экс-чиновниктер эле эмес, Бек Борбиевдей инсандар да керек.
Пархат Тулендыбаев. Бул инсанды өлкөбүздөгү азчылыкты түзгөндөр үлгү катары көрүшүп, ага карап түздөнүп, оңдонуп турушса ашыкча болмок эмес. Анткени Пархат мырза уйгур улутунун өкүлү болсо да кыргыз элинин тилине, маданиятына, улуттук баалуулуктарына урмат-сый менен мамиле кылып келет. Бир канча чакырылыштын депутаты. Депутат катары дайыма активдүү, качан караба карапайым элдин көйгөйлүү маселелерин айтып, аларды чечүүгө чакырып турат. Өзү ишкер болгондуктан кайрымдуу, соопчулук иштерди көп кылып келет. 2020-жылдын жай мезгилинде ковид илдети апогейине жетип, айланы кетирип турган чакта Пархат Тулендыбаев четте карап турган жок. Өз эсебинен стационар уюштуруп, жүздөгөн жарандардын ооруну жеңүүлөрүнө кол кабыш кылды. Ак халатчандарга ысык тамактарды уюштуруп, дары-дармектер менен камсыз кылып турганы эсибизде.
«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «SUPER.KG» тарабынан 2021-жылдын 16-ноябрында чыгарылды, нускасы 1 даана, дареги: Кыргыз Республикасы Бишкек ш. Турусбеков көч.109, партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).