Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекке иш сапары менен келген Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Тараптар бардык тармактардагы кыргыз-татар кызматташтыгын арттыруу маселелерин талкуулашканын президенттик аппараттан белгилешти.
Мамлекет башчы Кыргыз өлкөсүн Орусия менен союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген өзгөчө мамилелер байланыштырып турарын белгиледи. Кыргыз жергеси аларды ар тараптуу бекемдөөнү жана өнүктүрүүнү көздөйт, анын ичинде регион аралык активдүү өз ара аракеттенүүнүн алкагында да.
Садыр Жапаров ушул жылы Кыргыз мамлекети менен Татарстандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде эки тараптуу байланыштардын жогорку динамикасы байкалганын белгиледи.
"Кыргыз Республикасында Казань федералдык университетинин филиалын ачуу тууралуу чечимдин кабыл алынышын кубаныч менен белгилейбиз", - деди Садыр Жапаров.
Баарлашуунун жүрүшүндө президент татарстандык компаниялардын энергетика жана тоо-кен тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.
Мамлекет башчысы Кыргыз өкмөтү менен Татарстандын өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык жаатта кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралар планынын макулдашуусу аяктагандыгын канааттануу менен белгиледи.
Маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерине токтолуп, Садыр Жапаров кыргыз тараптын бир катар демилгелерин, анын ичинде Казань шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотууну кароону сунуштады.
Өз кезегинде Рустам Минниханов акыркы мезгилде эки тараптуу байланыштар активдешип жатканын белгиледи. Татарстан соода-экономикалык, ошондой эле санариптештирүү жана туризм чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү жигердүү өнүктүрүп, Кыргыз өлкөсү менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр.
Анын айтымында, Татарстан Республикасы кызматташтык жана жаңы долбоорлор үчүн ар дайым ачык. Ал ошондой эле көп пландуу кызматташтыкты активдештирүү жалпы эки тараптуу өз ара мамилени өнүктүрүүгө оң таасир этерине ишенимин билдирди. Рустам Минниханов Чыңгыз Айтматов планетардык масштабдагы инсан экенин жана жазуучунун эстелигин орнотуу алар үчүн чоң сыймык болорун баса белгиледи.