Болгариядагы жол кырсыгынан курман болгондорго байланыштуу Садыр Жапаров көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Болгариянын президенти Румен Радевге жана Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровскиге адамдардын, анын ичинде балдардын өмүрүн алган автокырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Анын көңүл айтуусун президенттик аппараттан жарыялашты.

Мамлекет башчы 23-ноябрда Болгарияда эртең менен эрте катталган жол кырсыгы тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.

"Кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан президент Садыр Жапаров чет элдик кесиптештерин каза болгондордун туугандары менен жакындарына алардын кайгысын тең бөлүшөрүн жана кайрат сөздөрүн, ал эми жабыркагандарга тезирээк сакайышын каалаарын жеткирүүнү өтүндү", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 23-ноябрга караган түнү саат 03:00 чамасында София-Благоевград трассасынын 31-чакырымында автобус кырсыкка кабылган. Ичинде 52 жүргүнчү бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен автобус күйүп, айдоочу кырсык болгон жерден жан берген. Жүргүнчүлөрдүн ичинен 7 адам тирүү калган (2 аял, 5 эркек киши). Жабырлануучулар оор абалда ооруканага жеткирилгенин чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан