Атамбаевдин батасы, Отунбаева инаугурацияга чакырылбай калган. 4 жыл мурун ушул күнү Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкен

2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланган. Анда ал 54,22 пайыз добуш алган. Анын ант берүү аземи 24-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жайгашкан "Эне-Сай" боз үйүндө өткөн. Туура 4 жыл мурун Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкен. Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи кандай өткөнүн эсиңиздерге салабыз.

"Адилетсиз башкарууга биз эч качан баш ийген эмеспиз"

Алгач Жээнбеков ага колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирген. "Кылым карыткан кыргыз журтунда эзелтеден бийлик ээси эл болгон. Кыргыздар үчүн эркиндиктен жогору эч нерсе жок. Адилетсиз башкарууга биз эч качан баш ийген эмеспиз. Кыргыздар адилеттүүлүк үчүн өмүрүн берген. Аксы окуясында, 2010-жылдын 7-апрелинде буга дүйнө күбө болгон. Мени кыргыз кылып, Кыргыз жараны кылып жараткан Кудайга чексиз ыраазымын. Ата журтумдун, элимдин алдында башымды ийип, таазим этем!", - деген ал.

Биринчи жарлыгы Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүү болорун айткан

"Биринчи жарлыгым Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамынын эң жогорку артыкчылык даражасы “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин берүү болот", - деп Сооронбай Жээнбеков убадалаган.

"Алмазбек Шаршенович, сиз эң жогорку наамга татыктуусуз. Сиз президенттикти өз ыктыярыңыз менен өткөрүп жатасыз. Сиз баштап берген көч жолун улайт", - деген Жээнбеков.

Атамбаевдин батасы

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековго өзүнүн батасын берген. "Жараткан кыргыздын жаңы ажосун кырсыктан сакта, душмандын залаасынан сакта, дос көрүнүп кас болгондордон сакта! Соке досум, береке жаныңдан кетпесин, жолуң шыдыр болсун. Жараткан ар дайым сени колдосун. Аман бол, бактылуу бол, Соке досум. Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум", - деген Атамбаев.

Жээнбеков биринчи кеңешмесин өткөргөн

Ал өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясын 2018-жылдын 15-февралына чейин иштеп чыгып, бүтүрүү керектигин эскерткен.

Мындан тышкары Жээнбеков жакын арада коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги багыттарын белгилеген Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүү тапшырмасын берген. “Өлкөдө акыркы жылдары коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрдү. Ал өлкөнү коррупциялык көрүнүштөрдөн тазалоого бардык шарттарды түздү. Биз коррупцияга каршы күрөштү улантышыбыз керек”, - деген Жээнбеков.

Роза Отунбаева инаугурацияга чакырылбай калганы талкуу жараткан

Экс-президент Роза Отунбаева Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземинде көрүнгөн эмес. Президенттик аппараттан SUPER.KG порталына билдиришкендей, Отунбаева салтанатка чакырылгандардын тизмесине кирген эмес. "Отунбаева Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземине чакырылган эмес. Унутулуп калыптыр", - деп жооп беришкен.

Маалымат үчүн: Былтыркы жылы 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрү "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгышкан. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. 6-октябрга караган түнү Ак Үй алынган. Мындан көп өтпөй, 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан