"600 орундуу мектептерде бир жарым миңден окуучу билим алат". Дебатта Чүй облусундагы көйгөйлөр көтөрүлдү

Бүгүн, 24-ноябрда КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун үчүнчү күндүк дебаттары өттү. Анда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Мен жакында Чүй облусун кыдырып чыктым. Мага мурун Чүй майкөл-сүткөл аймактай болуп көрүнөт эле. Бирок өлкөнүн көйгөйү ички мигранттар менен кошо баары Чүйгө көчүп келиптир. Чүйдө канча калк бар экенин өкмөт да билбесе керек.

Мектептерде балдар бир нече эсе көп окуйт. Ооруканаларга эч ким батпайт. Алар (ред.; ички мигранттар) аймактык каттоого алынбагандыктан бала төрөлсө төрөт үйү кабыл албайт. Акча бериши керек. Аксакал өлүп калса көр албайт. Акча бериш керек. Туулгандан өлгөнгө чейин коррупциялашып кетиптир. Адам укуктары жокко эсе. Быйыл мына суу жок болуп кургакчылыктын айынан дагы көп көйгөйлөр пайда болду. Мына сиз быйыл губернатор болдуңуз. Ушул көйгөйлөрдү чечүү жолун эмнеден көрөсүз? Облус өзү чече алабы же өкмөт жардам бериши керекпи?" деген суроо узатты.

"Ордо" партиясынын жообу: "Бул жерден карап көрсөк Чүй облусунан 12 калктуу конуш, башкача айтканда 5 миң гектар жер Бишкек шаарына өткөнгө даяр. Бирок элди кыйнабайлы дейбиз. Анткени облустун мыйзамдары менен шаардык кеңештин мыйзамдары таптакыр эки башка. Ошондой эле облустагы трансформация маселеси абдан татаал. Ал Жогорку Кеңешке барып, андан ары президентке жеткиче дагы бир-эки жыл каралат. Ошол нерсени болтурбоо үчүн биз 5 миң гектар жер менен 350 миң калкты, тактап айтканда 12 калктуу конушту өткөрүп берүүнү мэрияга сунуш кылганбыз. Мэрия шаардык кеңештин чечими менен эле саясий эрдик жасап аларды өзүнүн балансына ала турган болсо, алардын бюджети да өсмөк, элдин турмуш-шарты да оңолмок.

Анан дагы бир нерсе, Чүй облусу бүгүнкү күндө өнөр-жайдын 48 пайызын, айыл-чарбанын 26 пайызын камсыз кылат. Бирок эмнегедир аларга бюджеттен каражат аз бөлүнөт. Өзүңүздөргө маалым болгондой эле бардык нерсе Чүйдө болот. Мына быйыл сугат суунун жетишсиздигинен улам эмне болду? Биз тоютту да камдай алган жокпуз. Чүйдө 125 объект салынбай турат. 600 орундуу мектептерде бир жарым миңдей окуучу окуйт. Суу көйгөйү бар. БЧКга реконструкция керек. Биз миңдеген гектар айдоо жерлерибизди эртең жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ошондуктан мамлекет бюджетти бөлүштүрүүдө Чүйгө көбүрөөк көңүл бурушу керек. Анткени Чүй өлкөдөгү экономиканын авангарды болуп саналат".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан