Дебат: Өмүрбек Текебаев: "Бүгүн баары Кумтөрдү алдык деп жатышат. Биз "Центерранын" бир мыгын да ала элекпиз"

Бүгүн, 24-ноябрда КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун үчүнчү күндүк дебаттары өтүп жатат. Анда "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров "2012-жылы Садыр Жапаров Кумтөрдү өлкөгө кайтаруу боюнча демилге көтөргөндө сиз ошол демилгени колдобой койгонсуз. Ошого эмне себеп болду эле?" деген суроо узатты.

"Ата Мекен" партиясынын жообу: "Садыр Жапаровдун 2012-жылы Жогорку Кеңешке сунуш кылган токтомун колдогондо Кумтөр Кыргыз өлкөсүнө өтүп калмак эле деген жаңылыш түшүнүк бар. Ал токтомду биз колдогон эмеспиз. Анткени 2003-2009-жылдардагы элге каршы келишимге кол койгон аткаминерлер жазалансын деген биздин сунуш ал токтомго кирбей калган. Чыккынчыларды, саткындарды эл билсин, алар жазалансын деген принцип менен чыкканбыз.

Экинчиден бүгүн баары Кумтөрдү биз алдык деп айтып жатышат. Мен мына азыр ачык айтып койгум келет. Биз Центерранын бир дагы акциясын алганыбыз жок. Биз Кумтөр Голд Компанинин бир мыгын дагы өзүбүзгө алганыбыз жок. Алыш үчүн кызыл китеп дегендей бир документ болуш керек. Биздин мыйзамдарга ылайык аны өткөрүп алышыбыз керек. Биз өткөрбөй эле Кумтөрдү басып жатабыз. Патруль кызматкери унааны алып айып аянтына коюп койгондой эле коюп койдук. Ээси качан келет, эмне деп сүйлөшөт, эмне берет деп эле күтүп турабыз. Эгер мен туура эмес айтсам эртең президенттин маалымат кызматы Текебаев туура эмес айтып жатат десин".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан