- Кайсы элдин, кандай ата-эненин уулусуз?
- Мен эсил кайран СССРдин борбору Москвада төрөлгөн, Чаткалда там-туң басып чоңойгон, ата конушу Чоң-Алай деген куттуу жер болгон кыргыздын, сыймыктуу ата-эненин уулумун.
- Болочок лидер мектепте калыптанат дешет, сиз лидер катары калыптандыңызбы же турмуш лидерликке тарбияладыбы?
- Бул сурооңузга кыргыздын философиялык зор мааниси бар, бирок абдан негиздүү накыл сөздөрү эле жооп берет го дейм, болоор бала жөнүндөгү же болбосо канында же дээринде бар деген. Мен жеке өзүм жөнүндө айткан жокмун. Бирок лидер болуп калыптанууга мектепке чейинки мезгил же төрөлгөн жагдай да таасир этиши мүмкүн экендигин айткым келет. Менимче, лидер болуп жаштайынан калыптанып башташы мүмкүн, бирок толук бышып жетилүү үчүн өмүр бою үйрөнүп, турмуштан да тарбияланып, өзүңдү-өзүң тынбай өстүрүшүң керек го дейм. Муну, албетте, мен өзүмө да алам.
- Жашоодо сиз бекем кармаган принциптер?
- Замандын залкары Чыңгыз Айтматов чакырып кеткендей “жашоодо ар бир күнү адам бойдон калуу”, дагы Аалы Токомбаев айткандай “өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” демекчи бул жашоодо эл-жериң үчүн кызмат кылып, эл ичинде, балдарыңдын астында из калтырып кетүү.
- Эмнеден баш тарта албайсыз?
- Ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан, ар бир кыргызга тиешелүү болуп, канына-жанына сиңген азат болуудан, эгемен, эркин болуудан баш тарта албайм. Бул ой-жүгүртүүдө да, жүрүш-турушта да, жашоонун өтүшүндө бүтүндөй орун алган баасыз нерсе.
- Жашоодогу сиз ыйык туткан баалуулуктар?
- Атпай журтум Ала-Тоону, мекенди, үй-бүлө, ата-энени ыйык тутуу, достукту бекем сактоо, коомго пайда келтирүү.
- Депутаттык бул элге пайда берүүбү же элден пайда издөөбү?
- Албетте, бул элге пайда алып келүү, депутаттык бул мансап эмес, элден элге кызмат кылуу үчүн берилген мандат. Элден пайда издөө үчүн депутат болуу бул элге, коомго болгон чыккынчылык жана көөдөнү таза эмес адамдын иши.
- Эмнеден коркосуз, эмнеге баш ийбейсиз, эмнени кечирбейсиз, эмнеден баш тарта албайсыз, кимдин алдында карызсыз, кимге милдеттүүсүз?
- Коркконум бул өмүрдө алдуу-күчтүү, алты саның аман туруп, оюң-көзүң жетип туруп мекениң, элиң үчүн кызмат кылбай, из калтырбай кетүү. Анан, албетте, ата-энени, үй-бүлөнү ыраазы кылбай, ыймансыз жашоо. Алланын каарынан корком. Чектен чыккан адилетсиздикке, наадандыкка баш ийе албайм. Чыккынчылыкты, саткындыкты кечире албайм. Жогоруда айтылгандай азаттык, эркиндиктен баш тарта албайм. Ар бир уул-кыз сыяктуу бизди бапестеп тарбиялап өстүргөн адамдардын, ата-эненин алдында карызбыз, өмүр бою милдеттүүбүз.
«Ишеним» саясий партиясынын буюртмасы боюнча "Супер.кж" ЖЧКсы тарабынан 2021-жылдын 25-ноябрында чыгарылды. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Нускасы: 1 даана. "Ишеним" партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6 01.09.2021-ж).