"Ишеним" партиясынан талапкер Азамат Дороев: "Жогорку Кеңеште сиздин ишенимдүү өкүлүңүз болуп берүүгө убадамды берем!"

Урматтуу шайлоочум!
Мамлекетибиздин тагдырын жана жоопкерчилигин өз колубузга алып, анын өнүгүү жолуна ишенимдүү кадам таштай турган мезгил келди. Эгемендүүлүгүбүздүн отуз жылдык тарыхында башыбыздан оор кырдаалдарды өткөрдүк, алдыда маанилүү маселелер көп экени баарыбызга маалым.

“Оор мезгилдер күчтүү адамдарды жаратат” деген элибизде сөз бар эмеспи, анын сыңарындай өткөн жылдагы пандемия баарыбызды бириктирип, бири-бирибизге керек экенибизди далилдеди. Ал эми экономикалык оор кырдаалды Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлиги биргеликте эриш-аркак болуп иштегенде гана жеңип чыгабыз.

Мен дагы аруу тилек менен элимдин оор жүгүн колунан алып, моюнума чоң милдеттерди жүктөп, Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өсүшүнө билимимди жана эмгегимди арнап чоң жолго аттанып отурам. Ал эми сиз, урматтуу шайлоочум, мага ИШЕНИМ көрсөтсөңүз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде сиздин ишенимдүү өкүлүңүз болуп берүүгө убадамды берем!

Дороев Азамат №1

«Ишеним» саясий партиясынын буюртмасы боюнча "Супер.кж" ЖЧКсы тарабынан 2021-жылдын 25-ноябрында чыгарылды. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Нускасы: 1 даана. "Ишеним" партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6 01.09.2021-ж).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан