Бүгүн, 25-ноябрда КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин төртүнчү күндүк дебаты өтүүдө. Анын жүрүшүндө алып баруучулар тарабынан талапкерлерге "Өлкөдө жол кырсыктарынан Ооганстандагы согуштан курман болгон адамдардан да көбүрөөк каза табуулар болуп жатат деген маалыматтар айтылып келүүдө. Анын алдын алуу үчүн көрүлгөн чаралардын бири "коопсуз шаар". Ал эми экинчиси айып пулдарды көтөрүү аркылуу тартипке салуу деген аракет болду. Кийин кайра кабыл алынган айып пулдардын өлчөмү төмөндөтүлдү. Бул маселени мыйзамдын күчү менен чече алабызбы? Сиздердин партия кандай жолдор менен жол жүрүү эрежеси, айдоочулук маданият жана жол коопсуздугун калыптандыруу деген маселелерди чечебиз деген ойду айта алат?
"Улуттар биримдиги" партиясынын жообу: "Негизи "Коопсуз шаар" долбоору көптөгөн компоненттерден турат. Керек болсо бир капчык жоголуп кетсе да ошол "Коопсуз шаардын" жардамы менен табылышы керек. Мына азыр айдоочуларды чыркыратып эле айып пул салып жатышат. Муну кайрадан түзүп чыгыш керек. Талаптарын өзгөртүш керек.
Азыр шаарда эмне деген гана кылмыштар орун алып жатат. "Коопсуз шаар" ошонун баарынын алдын алыш керек эле. Азыркы долбоордо айдоочулардан айып пул алуу, бюджетти толтуруу сыяктуу нерселер гана каралган. Бул эми алдамчылык гана.
"Улуу журт" партиясынын жообу: "Бизде орто эсеп менен күнүнө, өзгөчө жамгырлуу күндөрү 80 кырсык, ал эми жөнөкөй учурларда 40ка жакын жол кырсыгы катталат. Күнүнө кеминде бир адамдын өмүрү кыйылат. Негизинен жол кырсыгынын көбөйүшүнө адамдардын жашоосунун оордугу да себеп болуп жатат. Экономикалык абалына байланыштуу арзан дөңгөлөк салып жатышат. Башкача айтканда, социалдык кыйынчылыктардын баары биригип келип жол кырсыгына себеп болууда.
Ал эми "Коопсуз шаар" боюнча айта турган болсом, даяр эмес элдин моюнуна айып пулду коюп койгон такыр туура эмес. Анткени жолдорубуз талапка жооп бербейт. Жеке пикиримде алгач бир жерге орнотуп, андан түшкөн каражатка экинчи жерге курсак эч кимге карыз болмок эмеспиз. Эл да психологиялык жактан көнмөк".
"Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясынын" жообу: "Азыр бизде мыйзам баарына бирдей иштебейт. Бирөөнү сүзүп кетсе аны дароо эле камап жибербейт. Колунда барлар сүйлөшүп кутулуп кетет. Колунда жоктор гана жазасын алышы ыктымал. Мыйзам бирдей иштегенде тартип орномок. Ошондо "Коопсуз шаар" иштемек. Бизде болсо эки башка болуп жатпайбы? Чоңдор каалагандай жүрөт. Эрежени бузса акчаны төлөп коёт. А карапайым эле аларга теңеле албайт да. Көйгөйдүн баары ушунда.
Ал үчүн биринчиден Ички иштер министрлигине реформа жүргүзүш керек. Жаш, кесипкөй адистерди алып келиш керек. Ошондо жол кырсыгы азаят эле. Азыр МАИ кызматкерлери акча алып жаткан үчүн кадыр-баркы жок да. Алар менен көрүнгөн мушташып жатат. Алардын баркынын жоктугу бул. Анткени мыйзам иштебейт".
"Эл үмүтү" партиясынын жообу: "Кыргыз өлкөсүндө 2020-жылы 385 адам жол кырсыгынан каза болду. 2021-жылдын 8 айында эле 497 адам каза тапты. Бул абдан өкүнүчтүү жагдай. "Коопсуз шаар" бүгүнкү күндө коопсуздукту камсыз кылбай эле акча табуунун жолуна айланып калды. Буга айдоочулар күнөөлүү деп жатабыз. Бирок жергиликтүү бийлик өзү күнөөлүү. Эгерде жолдо бештен көп адам каза болсо анда Жол коопсуздук кызматы башы менен жооп бериши керек".