Президент Садыр Жапаров "Арыба.кг" сайтына маек берип, "Өмүрбек Текебаев алжып калган" деп айткан. Бул маалыматты тактоо үчүн SUPER.KG порталы президенттин администрациясынын басма сөз кызматына байланышканыбызды, мамлекет башчы аталган сайтка маек бергенин тастыктады.
Анда мамлекет башчыга: "Кечээ Өмүрбек Текебаевге теледебатта оппоненти суроо берди. "Сиз 2012-жылы Садыр Жапаров "Кумтөрдү" мамлекетке алалы дегенде каршы болгонсуз. Эмне үчүн?" деген суроосуна мындай деп жооп берди: “Биздин сунушубуз токтом долбооруна кирбей калган, ошол үчүн каршы болгонбуз, азыр деле "Кумтөр" мамлекетке өткөн жок” деди. Ушул чынбы? Чын болсо ал эмне сунуш эле?" деген суроо берилди.
Анда Жапаров: "Текебаев алжып калган же ич күйдүлүк кылып жатат. “Алжып калган” дегеним, өзү көрүп турган эле жолду “мына ушул жол туура” деп көгөрүп тура берчү адаты бар. Ошентип көгөрүп жүрүп акыркы он жылда мамлекетти сазга батырды. Маселени чечүүнүн башка жолдору толтура да. "Кумтөр" талашы жок 100 пайыз мамлекетке өттү. Чекит коюлду. Муну тигилер өздөрү да моюндады. Азыр кылмыш иштери жүрүп жатат. Бир топ аткаминерлер камалышты. Тигилер тараптан дагы жоопко тартылчулар бар. Бир аз убакыт керек. Бүтөөрү менен жыйынтык чыгарабыз. Сабыр кылып тургула. Ал эми “ич күйдүлүк кылып жатат” дегеним, 2012-жылы Текебаев ич күйдүлүк кылып, андан сырткары Атамбаевдин буйругун аткаруу менен каршы чыккан. Экөө бир команда болчу", - деп жооп берген.