Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда президент бир канча маселелерди көтөрдү.
"Сугат жерлер айдалбай жатат. Бир топ дыйкандар менен баарлаштым. Алар акча жок, техника, күйүүчү май, үрөн жок дейт. Мындан улам Эсептөө палатасынан мамлекеттик банктарга аудит жасоо боюнча тапшырма бергем. Алар мага отчётун беришти. Дыйкандарга бөлүнгөн акчалардын 3 пайызы дыйкандарга берилет экен. Калган 97 пайызын депутаттар, министрлер, бизнесмендер, алардын жакын туугандары 6 пайыз менен алат экен. Ошон үчүн жерлер айдалбай, түшүм жок. Тамак-аш боюнча коопсуздук жаралып келет. Аттарын атабай эле коёюн. Мен УКМКнын төрагасына бул боюнча тапшырам", - деди ал.