Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңештин жыйыны өтүп жатат.
Мамлекет башчы "Эч кимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга укугу жок" деген пикирин айтты.
"Мен шайлоо мыйзамдарын бузууга жана административдик ресурсту колдонууга жол бербөө максатында ушул жылдын 1-ноябрында “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койдум. Бул жарлыкта мамлекеттик кызматкерлерге кызмат абалын депутаттыкка талапкерлердин же саясий партиялардын пайдасына пайдаланууга түздөн-түз тыюу салган ченемдер камтылган. Аны менен бирге шайлоо мыйзамдарын бузган кызмат адамдарын ээлеген кызматынан кечиктирбестен бошотуу тууралуу тапшырма коюлган. Мен тиешелүү мамлекеттик органдар шайлоо мыйзамдарын бузууга кандай болбосун аракеттерге токтоосуз жана ыкчам чара көрүүсү, күнөөлүү адамдарды тийиштүү тартип, жазык жана башка жоопкерчиликке тартуусу жөнүндө бир нече жолу айтып келем. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын кол алдындагы адамдардын бири дагы шайлоо процессине кийлигишпеши керек. Ага жол берилбейт", - дейт ал.