БШКнын төрайымы: "Парламенттик шайлоого аттанып жаткан бир талапкердин кош жарандуулугу боюнча текшерилип жатат"

Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңештин жыйыны өтүп жатат.

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков: "Атын атабай эле коёюн Токмок шаарынан бир талапкердин кош жарандуулугу боюнча Казакстандан ИИМине билдирүү түшүптүр. Бүгүнкү күнгө чейин чечим кабыл алына элек. Бул маселе боюнча эмне үчүн чечим кабыл алынбай жатат?", - деп суроо берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул талапкер боюнча билдирүү түшкөнүн айтты. "Алматада Ички иштер департаменти маалымат бериптир. Ошол талапкердин Казакстандын жарандыгы бар деп билдиришти. Ал талапкердин өкүлүн чакырып ачык-айкын карайбыз. Кошумча тактоо үчүн маселени жылдырганбыз. Элчиликтен дагы кошумча тактоо беришерин билдиришти", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан