"Кайталанса кызматтан бошотуласыздар". Садыр Жапаров Чүй облусундагы өкүлүнө жана Суу ресурстары кызматынын директоруна сөгүш жарыялады

Президент Садыр Жапаров Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Суу ресурстары кызматынын директоруна сөгүш жарыялады.

"Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Суу ресурстары кызматынын директору бул жердеби? Ордуңуздардан турсаңыздар. Эркин Саткынбаевич (Эркин Тентишев), сиз жетиштүү деңгээлде ишти уюштурган жоксуз, көйгөйлөрдүн кеңири спектрин көрбөй жатасыз жана аларды жетиштүү түрдө ыкчам чече албай жатасыз деп эсептейм, ошондуктан сизге сөгүш жарыялайм. Эгер келерки жылы ушул сыяктуу кемчиликтер кайталанса, анда сиз токтоосуз ээлеген кызматыңыздан бошотуласыз. Бул президенттин региондордогу бардык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тиешелүү. Эгерде сиздердин кимдир-бирөөңөр алдыга коюлган маселелерди чече албасаңыздар, анда алар менен сөз кыскача болот.

Алмазбек Темурович Сокеев, сиз Суу ресурстары кызматынын директору болуп эсептелесиз. Дээрлик 11 жыл аралыгында сиз Суу чарба дирекциясынын директору болупсуз, 5 жыл Суу чарбасынын Чүй башкармалыгында иштептирсиз, Бирок сиз тараптан дагы сууну өз убагында жеткирүү боюнча эч нерсе жасалган эмес. Сизге дагы ишиңиздеги жол берилген кемчиликтер үчүн катуу сөгүш жарыялайм", - деди президент.

Ошону менен катар эле Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго дагы сөгүш жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан