"Эл Үмүтү" партиясы: "Биз алдыга умтулабыз! Сен бизге кошуласыңбы?"

Телефондун артына бекинип алып, бийликти "иштей албайт, аракети жок, коррупциялашкан" деп сын тагып жатасыңбы? Парламенттеги депутаттарга бооруң эзилгенче күлүп, "элди карабай койду, акмактар!" деп сөгүп жатасыңбы? Мунун баары менсиз эле өзүнөн-өзү өзгөрүп кетет деп турасыңбы?

АНДАЙ БОЛБОЙТ!
СЫН ТАККАНЫҢ ЖЕТИШЕТ, АРАКЕТ КЫЛ!
КИЙИН ӨЗҮҢ СЫЙМЫКТАНА ТУРГАНДАРГА БАРЫП ДОБУШУҢДУ БЕР!
ӨЗҮҢ ИШЕНИМ АРТКАНДАРГА ДОБУШ БЕР!
СЕНИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫҢДЫ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ КОРГОЙ ТУРГАНДАРГА ДОБУШУҢДУ БЕР!

30 жыл бою биздин улуу муундагылар куру убадаларды угуп, алардын добушун кантип пайдаланып жатышканын, алардын укуктары менен эркиндиктерин шылдыңдап жатышканын байкап, көрүп келди.
МЫНДАН АРЫ МЫНДАЙ БОЛБОШУ КЕРЕК!
Биз, Кыргызстандын жарандары, биринчи жолу өз укугубузду, добушубузду туура пайдаланып, бийликти колубузга алууга МҮМКҮНЧҮЛҮК алдык!
Биринчи жолу административдик ресурсту колдонууга бөгөт коюлду!
Биринчи жолу добуш сатып алууга жол бербөө боюнча эң катаал талаптар коюлду!
ЭМИ ЧЕЧИМ СЕНДЕ ГАНА КАЛДЫ!
ДОБУШУҢДУ САТПА!
ШАЙЛООГО БАР!
ЧЫНЫГЫ ДЕПУТАТТЫ ТАНДАП АЛ!
КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН АЛДЫГА!
БИЗ МЕНЕН БОЛ!

«ЭЛ ҮМҮТҮ» – №18!

«Эл Үмүтү» саясий партиясынын буюртмасы боюнча "Супер.кж" ЖЧКсы тарабынан 2021-жылдын 26-ноябрында чыгарылды. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Нускасы: 1 даана. "Эл Үмүтү" партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Кенесариева тарабынан төлөндү. (02.09.2021-жылдагы №24 Күбөлүк).



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан