26-ноябрда КТРКда өткөн теледебатта "Социал-демократтар" саясий партиясынын өкүлү Айчүрөк Камаевага берүүнүн 3-раундунда көрүүчүлөр тарабынан партиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков дипломду мыйзамсыз алган деп айтылып жаткан кептер боюнча суроо берилди.
"Рыскелди Момбеков парламенттин үнү, жүзү. Саясатчыга басмырлоо болуп жатат. Биз сотко кайрылдык. БШК туура эмес кадамга барып жатат. Бийликти сынга алып, чындыкты айткан адамдар бүгүнкү күндө куугунтукталууда. Бул кадамды саясий куугунтук деп баалайм", - деди Айчүрөк Камаева.