Бүгүн, 27-ноябрь күнү Бишкек шаардык административдик соту БШКнын Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү чечимин жокко чыгарды.
Буга чейин Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алганын УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынан маалымдаган. "Социал-демократтар" партиясынан Рыскелди Момбековдун жасалма диплому бар деген УКМКнын билдирүүсүнө комментарий берип, дипломдун күтүүсүздөн текшерилиши оппозициядагы депутатка басым жасоо аракети менен түшүндүрүшкөн.
24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алган. Кийинчерээк Момбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн сотко кайрыларын билдирген.