Бүгүн, 28-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Анын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-Саммитине катышат. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
"Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы астында 28-ноябрда өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун кезектеги саммитинин жүрүшүндө, өлкө башчылары ЭКУ мейкиндигинде аймактык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат. Ошондой эле Түркмөнстандын ЭКУга жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгын чыгарышат", - деп жазылат билдирүүдө.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча, жыйынтыктоочу декларациянын кабыл алынышы күтүлүүдө.