Таң эрте келген шайлоочу: "Мурун акча сунуштагандар болчу эле"

Бүгүн, 28-ноябрь өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунда жайгашкан №1011 шайлоо тилкесине алгачкылардан болуп 57 жаштагы Талеран Солобаев аттуу жаран шайлады.

"Быйылкы шайлоо таза өтөт деп ишенем. Мурун акча сунуштагандар болчу эле. Быйыл андайды көргөн жокмун. Өзүм тандаган, ишенген партияга добушумду бердим. Жумуштан мурун ушул жакка келип, шайлап кетип баратам", - деди ал.

Аталган шайлоо тилкесинде бардык санитардык эрежелер сакталган жана техникалык жабдыктар иштеп жатат. Добуш берүүчүлөр эрежелерди так сактоо менен добуш беришүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан