Бүгүн, 28-ноябрь, саат 11:00гө карата экс-президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо тилкесине келе элек. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого келбей калышы мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы №1327 шайлоо тилкесинде добуш берчү. Бул шайлоо тилкесинде учурда мурдагыга караганда коопсуздук күчтөрү аз.