Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитинин алкагында Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Ашхабад шаарында орун алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчылар жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн мамилесинин маанилүү багыттарын жана ортодогу келишимдерди ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.

Гурбангулы Бердымухамедов өз сөзүндө Садыр Жапаровго чакыруусун кабыл алып, Экономикалык кызматташтык уюмунун юбилейлик саммитине катышуу үчүн келип бергенине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Экономикалык кызматташтык уюмунун маанилүүлүгүн белгилеп, түркмөн тарап уюмга мүчө мамлекеттердин эки тараптуу кызматташтык үчүн келтирген бардык сунуштарына даяр экендигин кошумчалады.

Ал эми Садыр Жапаров түркмөн президентине чакыруусу жана жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылыгын айтып, мындай иш-чара кызматташуу аракеттерин кененирээк талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.

Муну менен катар кыргыз тарап Түркмөнстан менен соода-сатык, энергетика жана башка түрдүү тармактарда кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан