Кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Американын Вашингтон штатында добуш берүүгө катышкандыгын Инстаграмдагы өзүнүн баракчасына жазды.
"Мекенимден бир канча чакырым алыстыкта жүрсөм да, өзүмдүн жарандык милдетимди унутта калтырган жокмун. Кыргыз өлкөсүнүн жоопкерчиликтүү жарандарынын бири катары тандоомду жасап, жаркын келечек үчүн добушумду бердим. Ар бирибиз өзүбүз үчүн, башкалар үчүн жана өлкө үчүн жооптуубуз!" - дейт Айсулуу Тыныбекова.