"Азаттык" саясий партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер
Ахматбек Келдибеков SUPER.KG порталына шайлоо боюнча пикирин билдирип жатып, Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган акыркы жыйынттыкка түшүнбөй отургандыгын айтты.
"
Бүгүнкү шайлоо бардык эле партиялар кандай маанайда күтсө ошондой өттү. Онлайн эсептөө менен азыркы Борбордук шайлоо комиссиясынын жарыялап жаткан жыйынтыгы бизге түшүнүксүз болду. Биз 8%дан өйдө 9%га чейин алдык, бирок азыр сайт иштебей калып, цифралардын баары алмашып калды. Мунун эмне себептен экендигин азыр өзүбүз дагы түшүнбөй отурабыз", - дейт Келдибеков.