"Ата-Мекен" партиясынан талапкер Гүлнара Журабаева: "БШК эмне себептен ката кеткендигин түшүндүрүп берсин"

"Борбордук шайлоо комиссиясы эмне себептен ката кеткендигин түшүндүрүп берсин", - дейт жыйынтыктарга нааразы экендигин айткан "Ата-Мекен" партиясынан талапкер Гүлнара Журабаева.

"80 пайыз шайлоо участоктору эсептелип чыкканда партияда 63 миң 975 добуш алганбыз. Азыр болсо сбой болуп, 41 миң 148 эле болуп калыптыр. Андан болушу мүмкүн эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы ошого өзүнүн изилдөөсүн бериши керек, эмне үчүн ошондой болуп жаткандыгын. Биз түшүнбөйбүз, ишеним жок. Ошондой эле ар бир участоктогу урнадан чыккан жыйынтык чектерин @toktogaziev.org дарегине жөнөтсөңүздөр, биз дагы өзүбүз карап чыгалы", - дейт Гүлнара Журабаева.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан