"Ата-Журт-Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Айбек Маткеримов элге кайрылуу жасады. Ал шайлоого катышкан жарандарга ыраазычылык билдирип, ошол эле учурда өлкө келечегине кайдыгер карагандар дагы болгондугуна токтолду.
"Баарыбыз күткөн убакыт акыркы мүнөттөрүнө келип жетти. Алдын ала шайлоонун жыйынтыктары чыгып отурат. Биздин өзүбүздүн өлкөбүзгө кайдыгер карабаган жарандарыбыз баары келип, өз добуштарын берди, бирок дагы кээ бир жарандарыбыз биздин өлкөнүн келечегине кайдыгер карап койду. Баарыңарга терең ыраазычылык билдирем, бул шайлоо биздин келечегибизди тандоо болду. Сиздердин колдооңуздар, түз көз караштарыңыздар менен биздин партия алдыга озуп чыкты. Кудай буйруса, биз сиздердин ар добушуңуздарды барктайбыз, урматтайбыз", - дейт Айбек Маткеримов.