"Бийлик таза шайлоо өткөрөбүз деп убада беришкен. А бирок дүйнө таң кала тургандай ыплас шайлоо өттү",- деп
"Улуттар Биримдиги" партиясынын лидери
Мелис Мырзакматов билдирди. Ошондой эле ал шайлоонун жыйынтыгына нааразы экендигин айтты.
"Шайлоо абдан ыплас өттү. Бир заматта эле шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүп салышты. Бул добуш берүүчүлөрдү, элди сыйлабагандык, көзгө илбегендик. Мындай аракет келечектеги парламенттин негиздүүлүгүнө шек келтирет. Саат 20:46да "Улуттар Биримдиги" партиясы 47 миң 74 добуш менен бара жаткан. БШКнын сайты иштебей калды деген шылтоо менен 21:20да 29 миң 387 добуш кылып оңдоп коюшту. Башкача айтканда, бул убакыт аралыгында 20 миңден ашуун добушубузду уурдап алышты. Биз БШКнын курамын, айрыкча Нуржан Шайлдабекованы алмаштыруу керек деп дайыма айтып келгенбиз. Ушунча чыгымдарга, элдин шоруна ушул айым күнөөлүү деп мурда да айтканбыз. Бул шайлоонун жыйынтыгы менен өтпөй калган партиялар биригип, оппозициялык күч түзүлөт. Азыркы учурда саясий кеңеш топтолуп жатат. Шайлоону тез арада жокко чыгаруу керек", - деди Мырзакматов.