"Ата-Мекен" партиясынын мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

Асия Сасыкбаева "Ата-Мекен" партиясынан байкоочу:
“Кечки саат 21ден өткөндө мен караганда "Ата-Мекенге" добуш бергендердин саны 71,500дөн ашык болчу. Акыркысы 41 миң боуп калды . Өзүнө ыңгайлуу партияларды өткөрүш үчүн ошолорго биздин добуштарыбызды кошту. 2 миңден ашык шайлоо участокторду кайрадан санап чыгышы керек. Президент да, БШК да таза шайлоо өткөрөбүз деп айтышкан. Башка ыкмаларды тапкан, жаңы системаларды киргизишкен. Биздин партия пайыздык босогону 6,13 % ашканда система өчүп калды.”

Али Токтакунов "Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер:
Аймактарды кыдырганда акыркы 6 чакырылыштын депутаттары нааразы болуп жаткан. Мурдагы талапкерлер жык толгон партиялардын алдыга чыгышы – бул нонсенс. Берилген добуштар 30 миңден ашыкка азайтылды. Мунун өзү күмөн саноого түртөт. Аймактардан ондогон квитанциялар келе баштады. Биз алардын баарын кылдат чогултабыз жана байкоочулардын маалыматын тактайбыз жана бийликтен таза, так эсеп жүргүзгөндү талап кылабыз. Бул компьютердин көзүн будамалоочу оюн. Алган добуштар өзгөрбөш керек эле. Бул көрүнүштү уурулук сыяктуу кабыл алып жатабыз. Бул чоң фальсификацияга түртөт. Бизге үмүт арткан адамдардын добуштарын уурдатпашыбыз керек. Биз ошол үчүн күрөшөбүз. Бардык партияларды бузук системаны чогуу көзөмөлдөөгө чакырабыз. Элдин добушун сактап калалы, туугандар.”

Тилек Токтогазиев "Ата-Мекен" партиясынан талапкер:
Жалпы жыйынтык боюнча эң кем дегенде 3 жарым миң болгон. Андан көбү 7 миңге чейин деп эсептегенбиз. Жазып бердик деп аткандар андан да көп болуш керек болчу. Ошол үчүн жыйынтыктарга ишенбейбиз. 18 миң адам менен жолугуп келгем. Билдирүүсүн жөнөткөн, кирип чыктык деп”.

Наталья Никитьенко:
Фальсификация чоң шектенүүнү жаратып жатат. Система токтоп калып, 30 миң добуш жок болуп калса”.

"Ата-Мекен" партиясынын мүчөлөрү: “2007-жылдагы шайлоого окшошуп жатат. Бул шайлоо кайрадан болуш керек. Шайлоону тааныганга болбойт. Заманбап компьютер менен алдады".

Журналисттерден уктум эле Украинадан Айти багытында адистер келип АСУ системасы боюнча иштейт экен. Бүгүн түнү менен оппозициялык күчтөр биригип, ар бир участоктордогу добуштарды эсептеп, чыныгы эл шайлаган жыйынтыкка ээ болуш керек.”

Мамлекеттин таянып турганы - элдин ишеними. Добуштардын абсолюттук саны да азайып калып жатат. Президент таза шайлоо өткөрөбүз деп айткан. Кынтыксыз шайлоо болуш керек. Эл ансыз деле 32 эле пайыз келип берди. Биздин 30 миң добуш кайда, алар жөн эле келдиби?"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан