Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого алдын ала маалыматтар боюнча, 1 миллион 205 миң 821 жаран келип добуш берди. БШКнын маалыматы боюнча, алардын ичинен 116 миң 246сы жараксыз деп табылды. Башкача айтканда, бул урнага салынган жалпы бюллетендин 10 пайызга жакынын түзөт.