"Шайлоодо добушун мага ыраа көргөн жалпы журтчулукка ыраазычылык". Шайырбек Абдырахмандын шайлоодон кийинки билдирүүсү

"Азаттык" саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болгон Шайырбек Абдырахман дагы шайлоодон кийин пикирин жазды.

"Шайлоодо өз добушун мага ыраа көрүшкөн жалпы журтчулукка терең ыраазычылык айтам. Бул иш-чарада арка, бел болгон санаалаш, пикирлеш, ошондой эле дос, тууганга терең алкыш. Сиздердин ишенимиңиздер, ар бир добушуңуздар мен үчүн баа жеткис кымбат.

Бар болуңуздар, асыл агайындар. Аз болсок да саз болуп, бул көркөм дүйнөдө так ушул пейилибизден жазбай, көр оокаттан өйдө болуп аман-эсен жүрөлү. Баарыңыздарга кудайым эки дүйнө бактысын берсин", - деп жазды Абдырахман.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан