"Парламенттик шайлоо Конституцияга жана эл аралык стандартка шайкеш келген түрдө өттү", - деп бүгүн, 29-ноябрда брифингде Түрк парламенттик ассамблеясынын байкоочусу Режеп Шекер билдирди.
"Биздин миссия жаңы шайлоо системасы боюнча бардык талапкерлер тең укукта шайланды деп белгилегим келет. 28-ноябрда биздин делегация Бишкектеги шайлоо тилкелерин кыдырып, партиялардын байкоочулары менен жолугушуп маалымат алдык. Көпчүлүк шайлоо тилкелеринде пандустардын даярдалышын мактоого татыктуу деп айткым келет. Биз делегация катары шайлоочулар үчүн бардык шарттары жакшы деп айта алам. Биздин миссиябыз шайлоо тынч атмосфреда өткөнүн белгилейбиз. Шайлоо Конституцияга жана эл аралык стандартка шайкеш келген түрдө өттү. Мындан кийин дагы БШК тарабынан ачык шайлоо өтүшүн камсыз кылуусун каалайбыз", - дейт ал.