Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы: "Кыргыз өлкөсүндө шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулган"

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамхожаев баш болгон топ менен жолугушту. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Зайниддин Низамхожаевдин айтымында алар баш баккан шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын активдүүлүгү байкалган.

“Жолугушуудан алдын биздин топ сиздердин чалуу борборуңуздарда болдук. Ал жерде бизге кандай кайрылуулар, даттануулар бар экендиги тууралуу толук маалымат беришти. Даттануулар аз гана көлөмдө экен. Алар шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизе турган даражада эмес. Биз чалуу борборунун жумушуна өтө жогору деген баа бердик. Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дагы кызмат кылышат экен”, - деди Өзбекстан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамхожаев.

“Кыргыз өлкөсүндө шайлоо тынч өтүп жатат жана шайлоочулардын кандай көлөмдө катышуусунан көз карандысыз өткөрүлдү деп табылат. Президент менен премьер-министр жарандарды шайлоого келип эркин добуш берүүгө чакырышты. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Кээ бир саясий партиялардын өкүлдөрү жана айрым белгилүү саясатчылар шайлоо процедурасы закондун ченинде уюштурулганын айтышты.

2020-жылы нааразычылыктар болгон, бирок азыр ар кандай күчтөр абалды өзгөртүү үчүн чоң көлөмдөгү жумуш аткарылгандыгын моюнуна алышууда”, - деди Нуржан Шайлдабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан