Бүгүн, 29-ноябрда шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиянын лидерлери, өкүлдөрү БШКнын алдына митингге чыгышты. Алар мыйзамды одоно бузуу болгонун айтышат.
Нааразы болгондор шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.
Алардын алдына БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова чыкты. Бирок ага сөз бериле элек. Митингге чыккандар гана сүйлөп жатышат.