Шайлообек Атазов: "Бардык урналардагы добуштарды кол менен санап чыгуу керек"

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазов бардык урналардагы добуштарды кол менен санап чыгуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.

"Кол менен саноодон кийин өзгөрүүлөр болот деп ишенем. Бардык урналарды кол менен санатып чыгыш керек. Компьютерде хакерлер сандарды өзгөртүп отура берет экен. Эки же үч күн кетеби, кол менен санап чыгуу зарыл.

Сотко кайрылууга дагы эки күн убактым бар, учурда тиешелүү документтерди топтоп жатабыз. Сотко кайрылып, №8 Төлөйкөн округунан талапкер Нурбек Алимбековдун шайлоо процессиндеги мыйзамсыз, добуш сатып алууларын далилдеп чыгабыз. Шайлоочуларды шайлоо тилкесине ташыгандыгы, аларды колунан алып барып "Нурбек Алимбековду шайла" деп көрсөткөндөрүн далилдейбиз. Бир мандаттуу округдан 500 үгүтчү алыш керек болсо, бул 3-4 миңге чейин үгүтчү алган. Аларга мыйзамсыз айлыктарды берген. Кымбатчылык болуп жатканда пайдаланып, бир үйдө 5 адам жашаса, ал 10 миң сомго чейин акча берген фактылар бар. Биз бир тыйын бербей шайлоого катыштык", - дейт ал.

Ал эми Нурбек Алимбековго байланышууга мүмкүн болбой жатат, ал телефон чалууга жооп берген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан