Депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн чакырып, шайлоо тууралуу маалымат угууну сунуштады. Бул тууралуу алар бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Мындай маселени депутат Наталья Никитенко, Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов көтөрдү. "Шайлоо таза өттү. Бирок кээ бир жерлерде мыйзам бузуулар болду. Бул боюнча маалымат угушубуз керек", - дейт Айбек Осмонов.
Ал эми Шайлообек Атазов добуш сатып алуу фактылары дагы болгонун билдирди.