Үч депутаттын кол тийбестигин карай турган комиссия курамына кимдер кирди? Тизме

Башкы прокурор Жогорку Кеңештин депутаттарына сунуш келтирген. Анда Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жазылган.

Аида Касымалиева сунушту окуп, Жогорку Кеңештин депутаттарынан 48 сааттын ичинде комиссия түзүлүшү керек экенин айтты.

Депутат Дастан Бекешев сунуш берилгенден 48 саат өтүп кеткенин айтып, комиссия түзүүгө Жогорку Кеңеш үлгүрбөй калганын айтты. Касымалиева: "комиссия түзүлүшү керек" деп жооп берди.

Алмазбек Токторов бул үч депутатты жазага салып берүү эмес экенин айтты.

"Биздин кесиптештердин тагдыры чечилип жатат. Комиссияны түзүп берүүнү өтүнөм", - деди ал.

"3 депутат тең КСДПдан экен, биз комиссия түзүп берип, макулдук бербесек үчөөнү тең чыгарат. Кийинки чакырылыш келсе алардан сурабайт. Бүгүн тез аранын ичинде комиссияны түзүп, комиссия тез аранын ичинде чечим чыгарып берели. Алардын тагдырына кайдыгер карабайлы, биз алар менен 5-6 жыл чогуу болдук. Мындай иш баарыбыздын башыбызга келип калышы мүмкүн", - деди Алтынбек Сулайманов.

Жыйынтыгында комиссия түзүүгө 62 депутат "макул" деген добушун берип, комиссия түзүлдү. Жыйынга жалпы 64 депутат катышты.

Комиссиянын курамына киргендер төмөндө:

КСДПдан - Евгения Строкова,

"Республика Ата-Журт" партиясынан - Авазбек Абдугапаров,

"Кыргызстан" партиясынан - Канат Исаев, Алмаз Токторов,

"Өнүгүү прогресс" партиясынан - Тазабек Икрамов,

"Бир бол" партиясы - Мамасадык Бакиров,

"Ата-Мекен" - Эмил Токтошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан