Бүгүн, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады.
Анда аталган партиядан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев ушул аптанын аягына чейин Текебаевге кол салгандардын жазасын алышын талап кылды. "Бакиевдердин убагы кайтып келет жатат. Парламентте программа, идея аркылуу күрөшкөндүн ордуна бул бийлик башка метод менен күрөшүп жатат. Бул уюштуруучулар тарабынан кир, ыплас жорук. Алар коркок. Эгерде алар эркек болсо, коркок жүзүн бет каптын ичинде бекитишпейт болчу. Ошондуктан биз ушул аптанын аягына чейин Текебаевге кол салгандардын жазасын алышын талап кылабыз. Башка партиянын лидерлерине жана саясий ишмерлерге кайрылат элем. Азыр өлкөдө болуп жаткан окуяларга өздөрүнүн бааларын бериши керек. Азыр бирикпесек, Бакиевдин убагынан дагы жаман болот. Баарыңыздарды биригүүгө чакырам", - дейт Токтогазиев.
Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды.