Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов вице-спикерди шайлоону күн тартипке киргизүүнү сунуштады.
"Вице-спикерди шайлоону күн тартибине киргизсек. Комитеттин чечими бар", - дейт Шайлообек Атазов.
Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева: "Комитеттин чечими бар болсо киргизебиз. Комитеттин төрагасы болобу шайланууга укугу бар. Жаңы депутаттар келгенге бир жума калганда вице-спикерди шайлаган моралдык жактан алганда уят иш. Эске алып койгула", - деди.