Депутат Улугбек Садиков каражатты шайлоого келген элдин катышуусуна карата колдонуу керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"30 жылдан бери канчалаган шайлоо өтүп жатат. Шайлоодо бюджеттен акча бөлүнүп, элдин акчасы кетип жатат. Добуштарды сатып алуу болуп турганда элдин катышуусу 50 пайыз болгон эмес. Таза шайлоо болгондо элдин катышуусу 30 пайызга жеткен жок. Элдин катышуусун билип туруп каражатты колдонсок болбойбу? БШК өздөрүнүн акчасын коротсо бул тууралуу ойлоп тапмак. Ошол иштетилбеген бюллетендер таштандыга ыргытылып жатат", - дейт ал.