Депутат Икрамов Сузактагы 9 жаштагы кыздын өлүмү тыкыр иликтениши керектигин айтты

Депутат Тазабек Икрамов Сузактагы 9 жаштагы кыздын өлүмү тыкыр иликтениши керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Сузак районунда 9 жаштагы кызыбыз жоголуп, жансыз денеси табылган. Көзөмөлгө алуу керек. Күнөөлүү адамдар катуу жазасын алышы керек", - дейт ал.

Маалымат үчүн:

Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду.

Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден ашуун адам катышты. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан